Воскресенье, 5 мая

«Түркиянын стипендиялары». Жөлөкпул, стипендия, медициналык камсыздандыруу жана бекер учак билеттери

0

Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгы (YTB) кыргыз жаштарына Түркиянын эң абройлуу жогорку окуу жайларында бекер окуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул үчүн YTB быйыл да «Түркиянын стипендиялары» программасын жарыялаган.

YTBнын ​​башчысынын орун басары Саид Юсуф, бул жылы «Түркия стипендиялары» программасына кыргызстандык 1250 студент кайрылганын жана алардын арасынан тандалып алынган 179 студенттин маектешүүгө чакырылганын  айтты. Юсуф, маектешүүлөрү  ийгиликтүү өткөн талапкерлер  Түркияга баруу укугуна ээ болоорун баяндады.

Юсуф, 2020-жылы 171 өлкөдөн 160 миңден ашуун абитуриенттин Түркияда билим алуу үчүн YTB  стипендиясына кайрылганынын маалымдады.

Кыргызстандагы дилгир жаштардын  биринчи кезекте тандаган өлкөсү Түркия болоруна ишенгенин билдирген Юсуф, «Түркия билим берүүдө инфраструктурасы жана жабдуулары бар өлкө», — деди.

Юсуф «Түркияга келген абитуриенттер алгачкы жылы түрк тилин үйрөнгөндөн кийин жетишкендиктерине жараша университеттерге жайгаштырылат. Бакалавр, магистратура,  докторантура жана илимий изилдөөлөргө берилген Түркия стипендияларына,  студенттердин жатакана жана тамак-аш муктаждыктары менен ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар кирет. Стипендия алуучуларга Түркияда жүргөндө медициналык камсыздандыруу да жасалат. Окуучулардын Түркияга алгачкы келүү учак билеттери менен окууну бүтүргөндөн кийин өлкөсүнө кайтуу учак билеттери да YTB  тарабынан камсыздалат», — деп айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз