Воскресенье, 24 ноября

Франция менен Түркиянын кайым айтышуусу күч алды

0

Түркиянын парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп Франциянын президенти Эммануэль Макронго жооп кайтарды. Мурдараак Франциянын президенти Түркия Жер ортолук деңиздеги мунай жана газ чалгындоолорун токтотушу керек экенин айткан.

Мустафа Шентоп Эммануэль Макронди сындап, «Түркиянын таасири дүйнө жүзүндө, өзүнүн аймагында, өзгөчө Африкада күчөп жатканын Франция көрө албай жатат. Грецияны колдоо шылтоосу менен анын Анкарага карата айткан сөздөрү дал ушул көрө албастык менен байланыштуу», — деп айтты.

Шентоп Францияны өзүнүн «жеткинчектик проблемасын» эл аралык маселеге айландырбоого чакырды.

Түркиянын парламентинин төрагасы Париж эки жүздүүлүктү таштап эл аралык эрежелерди сакташы керек экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз