Воскресенье, 28 апреля

Мухаммедкалый Абылгазиевдин иши сотто каралат

0

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шалаакылык үчүн айыпталууда. Адвокат Канат Хасановдун Абылгазиевди айыптаган агызы коронавирус эпидемиясына байланыштуу иштерге тиркелип, чогуу териштириле баштады.

Мурда Канат Хасанов Башкы прокуратурага кайрылып, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүүдө кемчиликтер болушу мүмкүн деген жүйө менен аны жоопко тартууну суранган.

Башкы прокуратура Хасановдун арызын Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козгогон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кароодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз