Халифе Хафтарга каршы эл көтөрүлүшкө чыкты

0

Хафтар куралдуу күчтөрүнүн нефть өндүрүү жана экспортун токтотуусу менен Ливия экономикасынын 90 пайызынан ашыкчасын түзгөн нефть кирешелеринен куру калып, 9 айда 10 миллиард долларлык зыян тартты.

Ливияда мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтар көзөмөлгө алган Бенгази шаарында миңдеген киши начарлаган турмуштук шарттарга каршы  митингге чыгышты.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жана активисттредин соцтармактагы кабарларына чагылган көрүнүштөрдө митинг учурунда Хафтардин сүрөттөрүнүн өрттөлгөндүгү, автомобиль резиналары өрттөлүп жолдордун жабылгандыгы орун алган.

Митингдерде «Жашасак да, өлсөк да өз намысыбызды каалайбыз», «Төңөкрүш, төңкөрүш эй Бенгези! Мал  — мүлкүңдү уурдашты, үмүт калган жок» жана «Нефть комплекстерин ачкыла!» деген ураандар менен жүрүштү.

Халифе Хафтар өлкөнүн нефтисин БУУнун негизиндеги мыйзамдуу Ливия өкмөтүнө каршы козр катары колдонуу үчүн көзөмөлгө алган чыгыш аймактарындагы нефть кудук жана комплекстерин январь айынан бери ачпай жатат.

Хафтар куралдуу күчтөрүнүн нефть өндүрүү жана экспортун токтотуусу менен Ливия экономикасынын 90 пайызынан ашыкчасын түзгөн нефть кирешелеринен куру калып, 9 айда 10 миллиард долларлык зыян тартты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз