Понедельник, 6 мая

Кытай: АКШ дүйнө жүзү үчүн эң коркунучтуу өлкө

0

Кытай Эл Республикасынын Коргоо министринин пресс-катчысы У Цян, АКШ дүйнө жүзүндөгү тартипке жана тынчтыкка эң көп коркунучу туудурган өлкө экенин айтты.

Кытайдын куралдануусу тууралуу Пентагондун АКШ Конгрессине сунган отчету жөнүндө КЭРдин расмий көз карашын баяндаган У Цян, АКШнын Кытайдын коргонуу жана куралдануу даярдыктарына рационалдуу мамиле кылышын жана жалган маалыматтарды таратпоосун талап кылды.

Кытайдын Коргоо министринин өкүлү, аты аталгын отчетту «чындыктын бурмалануусу» деп сыпаттады.

У Цян, АКШнын айынан Ирак, Сирия, Ливия сыяктуу өлкөлөрдө акыркы жыйырма жылда 800 миңден ашуун киши өлгөнүн, АКШнын аймактык кагылышууну козутканын жана эл аралык тартипти бузганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз