Понедельник, 6 мая

Греция Түркияга каршы куралданууда

0

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Франциядан 18 Рафале үлгүсүндөгү согуштук учак сатып алаарын жана 15 миң кошумча аскер менен армиясын күчтөндүрөөрүн айтты.

Кириакос Мицотакис, Салоникидеги «Helexpo форумунда» сүйлөгөн сөзүндө, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалуунун шартында өкмөттүн кийинки мезгилдеги стратегиясына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Грециянын Түркия менен болгон кризисине токтолгон Мицотакис: «Мүмкүнчүлүктөр менен муктаждыктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого убакыт келди»,-деп айтты.

Мицотакис Афина башкаруучулугунун «коркутууларга логикалык аргументтер менен жооп бергени» айтымын кеп кылып, «Армиянын күчүн, функционалдуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кээ бир чечимдерди кабыл алдык»,- деп айтты.

Грециянын көптөгөн күчтүү союздаштары бар экендигин жактаган Мицотакис: «Учурдагы Mirage учактарынын ордуна 18 Рафале учагынан турган жаңы флот курабыз»,-деп айтты.

Мицотакис учурдагы МЕКО фрегаттарын дагы модернизациялай тургандыктарын белгилеп: «Деңиз күчтөрүнө 4 жаңы фрегат жана 4 Ромео тик учагын кошобуз»,- деди.

Мицотакис кургактык, деңиз жана аба күчтөрү үчүн жаңы танк аткычтарды, оор торпедаларды жана башкарылуучу ракеталарды сатып ала тургандарын белгилеп: «5 жылдык программанын алкагында куралдуу күчтөрүбүздү 15 миң жаңы аскер менен чыңдайбыз жана коргонуу өнөр жайын активдештиребиз»,- деди.

Афина башкаруучулугу жакынкы 10 жылда коргонууга 10 миллиард евро сарптай тургандыгын буга чейин жарыялаган.

Жакынкы айларда 1,5 миллиард евролук курал-жарак жана ок-дары сатып алууну пландап жаткан Грециядан Франция эң чоң киреше табат деп күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз