Четверг, 2 мая

14-сентябрдан тартып свет өчүрүлө баштайт

0

«Түндүк электр» ишканасы 14-сентябрдан тартып электр энергиясын берүү чектелерин маалымдады. Маалыматта чектөөлөр эмне себептен болоору айтылбады. Электр энергиясын чектөө баскычтар аркылуу ишке ашырылат.

«Түндүк электр» ишканасы калкты жана ишкана-мекемелерди электр энергиясы үчүн акыны өз убагында төлөөгө чакырууда.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата элдин жарык үчүн карызы 500 млн. сомдон ашты. «Түндүк электр» ишканасы светтин акчасын төлөбөгөн 7 млн. ашуун абонеттин жарыгы өчүрүлөрүн эскерткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз