Суббота, 11 мая

Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды көзөмөлдөө күчөтүлдү

0

Бишкек шаарында коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө боюнча иш чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрдан тартып эпидемиологиялык абалга байланыштуу райондук акимиаттардын башчылары, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук тамактануучу жайлардын, анын ичинде кафе жана ресторандардын ишин көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүшкөн.

Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары менен тартип бузуу фактылары эки жолу аныкталган учурда, КР Мыйзам бузуулар жөнүндө Кодекстин 150 жана 293-статьялары боюнча айып пул салынып, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилет.

“Биринчи мыйзам бузууда — айып пул жана эскертүү, экинчи жолкусунда ошондой эле айып пул салынат жана кылмыш иши козголот” — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чаралар  эпидемиологиялык жагдай жакшырганга чейин колдонулат жана менчик түрүнө карабастан бардык тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз