Понедельник, 20 мая

Коронавирус 47 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда акыркы суткада 47 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 8, Ош – 2, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 2, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 14.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагы боюнча жалпы 44 миң 928 адам вирус жуктурган. Ал эми соңку суткада 101 бейтап айыгып, ооруканадан чыккан. Жалпы илдеттен айыккандардын саны – 41 миң 23.

Өткөн суткада илдеттен каза болгондор катталган жок. Буга чейин вирустан жалпы 1063 адам көз жумган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз