Президент Сооронбай Жээнбеков эгер коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташса мектептерде окуу процессин жакын арада кадимкидей тартипте улантууну туура көрөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешмесинде сүйлөшүлдү.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса окуучулардын мектепке барып билим алышына октябрь айынан тартып уруксат берүү тууралуу сунуш бар экенин айтты.
Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдоп, бул процессти этап-этабы менен жүргүзүш керек экенин, адегенде башталгыч класстардан баштоо туура болорун белгиледи.
Азыркы учурда мектепке биринчи класстын гана балдары барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алуусун улантууда.