Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус илдетин жуктургандардын саны 73 адамды түздү. Анын ичинен 18 — коронавирус, 55 — пневмония. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 72 адамга жетти.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
- Бишкек —11
- Ош –3
- Чүй облусу –5
- Ош облусу —14
- Талас облусу —3
- Нарын облусу –1
- Ысык-Көл облусу –9
- Жалал-Абад облусу –9
- Баткен облусу —18