Суббота, 11 мая

Бюджеттик орундарда 15 этникалык кыргыздар билим ала алат

0

Кыргызстандагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарга сынак болду. Сынактын жыйынтыгында 15 киши билим алууга сунушталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Тажикстандагы этникалык кыргыздар үчүн сынак 18-сентябрда, ал эми Өзбекстанда болсо 23-сентябрда өткөрүлмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз