Воскресенье, 12 мая

Парламенттик шайлоого карата Түркиядан Кыргызстанга колдоо

0

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган парламенттик шайлоонун алкагында Түркиядан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө.

Бул алкакта:

—           2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын алкагында, 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган парламенттик шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу менен санариптештирүү максатында шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитордон турган жабдыктарды сатып алуу үчүн Кыргыз бийлигинен келген финансылык колдоо талабынын алкагында Түркия Республикасы тарабынан 100 000 (жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө колдоо көрсөтүлөт.

—           Муну менен катар Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги кеңсеси тарабынан үстүбүздөгү жылдын 7-10 сентябрь күндөрү Түркия Республикасынын Коопсуздук Башкы Башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин кызматташтыгында 2020-жылы “Эл аралык Полиция Кызматкерлерин Окутуу” долбоорунун алкагында Кыргызстандын 21 коопсуздук кызматкерине “Шайлоо коопсуздугу боюнча тренинг” өткөрүлдү.

—           Буга кошумча, Кыргызстанда өтө турган шайлоодо Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ)/ Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу тарабынан түзүлгөн шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чектелген миссиясында жана Түрк кеңеши тарабынан түзүлө турган Эл аралык Шайлоону Байкоо Миссиясында Түркия Республикасынын жарандарынын да катышары болжолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз