Воскресенье, 12 мая

Муфтият дин кызматкерлеринин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосун эскертет

0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы дин кызматкерлерге парламенттик шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо керектигин эскертип жатат.

Анын негизинде облустардын казылары райондордо жолугушууларды уюштуруп, имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор да катышканы тартылган видеолор чыккан.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары шайлоонун үгүт иштеринин диний жайларда өткөрүлүшүнө тыюу салат. Бул мыйзам Конституциясынын 7-беренесинде: «Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган»- деп көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз