Суббота, 11 мая

Экс — президенттин абактагы туулган күнү

0

Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата анын тарапташтары жана уулдары  УКМКнын имаратынын жанында пикетке чыгышты.

Имараттын алдына 10дой адам чогулуп, колдоруна желим шарларды жана куттуктоо жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымы боюнча, КСДП партиясынын мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктоо үчүн УКМКнын имаратына келишип, депутаттар Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов жана Мухтар Айнакулов Алмазбек Шаршенович менен жолугушууга киришкен.

Мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева жолдошуна туулган күнү менен куттуктап, белек катары китеп жана майрамдык сый тамак ала келген. Бирок, Алмазбек Атамбаевге үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугууга уруксат берилген жок.

Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Бүгүн мурдагы мамлекет башчы 64 жашка чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз