Понедельник, 13 мая

Коронавирустун дүйнөлүк экономикага келтирген зыяны эсептелди

0

Учурдагы эпидемиялык кырдаалдын дүйнөлүк экономикага келтирген жалпы зыяны 2021-жылга жети триллион долларды түзөт. Мындай божомолду Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун (ОЭСР) экономисти Лоранс Бун Les Echos гезитине берген интервьюсунда билдирди.

“Дүйнөлүк экономика божомолдонгондон эртерээк калыбына келбейт. Биз кээ бир өлкөлөрдүн күтүлбөгөн жерден бюджетти колдоосун токтотуп коерунан жана бул учурдагы кырдаалды дагы да татаалдаштырат деп кооптонуп турабыз” – дейт Бун. Буга чейин ОЭСР 2020-жылга карата дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдү 6 пайыздын ордуна (алдын ала божомолдонгондой) 4,5 пайызга төмөндөткөн.

Буга чейин кабарлангандай, экономикасы ири өлкөлөр коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө чыгашаларын жогорулатып жаткан. Жыйынтыгында алардын мамлекеттик чыгашалары Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы көрсөткүчкө жеткен. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө 2020-жылдын июль айында бул көрсөткүч дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн 128 пайызына барабар болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз