Понедельник, 13 мая

Франциянын кемелери көчмөндөрдү куткарбай койгон

0

Франциянын Аскерий деңиз күчтөрүнө караштуу кеме 16 мигрант сүзүп бара жаткан кыйкты куткарбай койгон. Афганистандык көчмөндөрдүн арасында төрт аял жана эки ымыркай болгон. Алар Ла-Манш кысыгын сүзүп өтүүгө аракет кылышкан.

The Telegraph басылмасы, Франциянын кемеси үйлөмө кайыкта бара жаткан көчмөндөрдү куткармак түгүл алардын кайыгын деңиздин ортосун көздөй сүрүп салган.

Франциянын Аскерий деңиз күчтөрүнө тиешелүү 105 тонналык кеме көчмөндөрдү деңиздин ортосуна таштап кеткен. Көчмөндөрдү ал жерден өтүп бара жаткан балыкчы кайык куткарып калган.

The Telegraph Франциянын мурда да көп жолу эл аралык нормаларды катуу бузгандыгын эске салат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз