Воскресенье, 5 мая

Көлдө “Ата Мекен” партиясынын штабындагы баннерди белгисиз адамдар айрып кетишти

0

16-сентябрдан 17-сентябрга караган түнү Тоңдун Бөкөнбаев айылында “Ата Мекен” партиясынын райондук штабындагы баннерлерди белгисиз адамдар айрып кетишкен.

Партия бул окуя боюнча Тоң РИИБге, райондук прокуратурага жана аймактык шайлоо комиссиясына арыз берди. Ушул тапта милиция кызматкерлери жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул “Ата Мекен” оппозициялык партиясынын баннерлерине зыян келтирүү боюнча биринчи факты эмес. Үгүт кампаниясына старт берилери менен Таластын Шекер айылында да түн ичинде баннерлерди жулуп кетишкен болчу. Мындан сырткары атамекенчилердин жолугушууларына жергиликтүү бийликтен тоскоолдуктар болгонун депутат Рыскелди Момбеков айтып чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз