Понедельник, 13 мая

Үгүт иштери мечитке жеттиби?

0

«Биримдик» саясий партиясынын талапкери Сайдолимжон Жураевдин мечиттеги видеосу социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Коомчулук саясий үгүт мечитте жүргүзүлүүдө деп нааразы болууда.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев интернетте тарап жаткан тасма үгүт өнөктүгүнө чейин, болжол менне жарым жыл мурда тартылганын, үгүт башталгандан бери бир да жолу чогулгандар алдына чыгып сүйлөбөгөнүн айтууда.

Муфтият видеонун чоо-жайын аныкташ үчүн Баткен облусунун казысына тапшырма берилгенин маалымдады.

Шайлоо мыйзмамына ылайык диний мекемелерде шайлоочулар менен жолугушууга тыюу салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз