Понедельник, 13 мая

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды

0

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Чолпонбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Чолпонбаев «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнүн алкагында экс-министр 6-июлда суракка чакырылган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз