Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен Орусия менен АКШны Сирияда диалогду күчөтүүгө чакырды.
Сирияда болуп жаткан окуялар жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымат берген Гейр Педерсен август айында Женевада өткөн жолугушууларда саясий процесске карата «үмүт нуру» пайда болгондугун айтты.
Педерсен, тараптардын келерки айда Женевада өтө турган төртүнчү сессиясында жолугушуусу үчүн жыйындын күн тартибине токтоосуз чечим чыгарылышы керектигин белгиледи.
Мурункуга караганда Сириянын азыр «тынч» экендигин бирок өлкөдө тынчсыздантыруучу окуялар болуп жаткандыгын айткан Педерсен Орусия менен АКШны Сирия боюнча диалогду күчөтүүгө чакырды.