Пятница, 22 ноября

Трамп: апрель айында масштабдуу вакцинация жүргүзүлөт

0

Коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцина 2021-жылдын апрель айынын аягында ар бир америкалыкка жеткиликтүү болот. Бул жөнүндө АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү кезектеги брифингде билдирүү жасады.

Анын айтымында, вакциналарды даярдоодо АКШры чоң ийгиликке жетишти.

Трамп: “Вакциналарды бөлүштүрүү АКШнын санитардык көзөмөл бөлүмүнүн уруксатынан кийин 24 сааттын ичинде башталат. Вакцинаны бөлүштүрүүдө көпчүлүгү аскерлер аркылуу аткарылмакчы. Ушул жылдын аягына чейин биздин колубузда 100 миллион, балким андан да көбүрөөк доза болмокчу. Ай сайын 100 млн дозадан вакцина өндүрүлөт жана апрелдин аягында вакцина ар бир америкалыкка жеткиликтүү болот деп күтүп атабыз” – деди.

Ошол эле учурда америкалык лидер Пентагондун да материалдык- техникалык колдоосунун маанилүү экендигин белгилеп өттү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз