Понедельник, 13 мая

23-сентябрь күнү “Баарына каршы” иш чарасы өткөрүлөт

0

23-сентябрь күнү Бишкекте баардыгына каршы добуш берүүгө чакырган тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Баарына каршы кыймылы Ала-Тоо аянтына 23-сентябрь саат 12:00го “Баарына каршы” акциясына чакырат” – деп жазган Эркин Бөлөкбаев.

Жаңыдан түзүлгөн “Баарына каршы” коомдук кыймылынын мүчөлөрү шайлоочуларды алдыдагы парламенттик шайлоодо бир дагы партияга добуш бербөөгө үгүттөөгө ниеттенүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз