Вторник, 14 мая

Октябрь айында сейрек кездешүүчү “Көк толгон айды” көрө аласыз

0

Американын Улуттук авиация жана космостук мекемеси НАСА 31 —  октябрда сейрек кездешүүчү  «Көк толгон айдын» ортого чыгарын билдирди.

Жыл сайын 12 толгон ай чыкса,  2020 – жылы 13 толгон ай чыгат. Бул ашыкча толгон айдын көк толгон ай же көк ай деп аталгандыгы билдирилди.

НАСА бул жылы 1 – 31 —  октябрда эки толгон айдын чыгарын жана 31 —  октябрда толгон айдын «көк толгон ай же көк ай» болорун жарыялады.

Көк айды астрономдор сейрек кездешүүчү табигый кубулуш катары сыпатташат, ал календардык айда экинчи Толук Ай деп мүнөздөлөт.

31 —  октябрда чыга турган «Көк толгон айды» дүйнөнүн бардык жеринде көрүүгө болот. Мындай кубулуштун дагы бир жолу 31 —  октябрга туш келиши 19 жылдан кийин тактап айтканда 2039 —  жылы болору белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз