Понедельник, 13 мая

Белорусияда нааразычылык акциялары дагы деле улантылууда

0

Белорусияда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына карата нааразычылык акциялары улантылууда.

Бир социалдык медиа эсеби аркылуу борбор шаар Минскте президенттик сарай менен Жогорку Сотту блокадага алуу жана жалпы өлкөдө нааразычылык акциясына чыгууга чакыруу салынды.

Минскте коопсуздук күчтөрү президенттик сарай жайгашкан аймак жана шаар борборунда уруксатсыз өткөрүлгөн нааразычылык акцияларынан улам катуу коопсуздук чараларын көрдү.

Немига проспектинде чогулуп Стелла аянтына карай жүрүүгө аракет кылган кээ бир митингчилер камоого алынды.

Мурунку жумаларга караганда дагы аз киши катышкан нааразычылык акцияларында митингчилер соцтармактагы чакырууга карабастан президенттик сарайга карай жүрүшкөн жок.

Митингчилер шаар борборундагы кээ бир проспектилерде бир канча убакыт колдорунда Белорусиянын 1995 —  жылдан мурун колдонгон кызыл  —   ак —  кызыл байрактар менен жана ураандар менен жүрүштү. Андан кийин митингчилер өздөрү таркашты.

Башка кээ бир шаарларда аянттарга чыккан митингчилерге полиция кийлигишти. Соцтармактарда жарыяланган видеолордо Польша чек арасындагы Брест шаарында таркабаган митингчилерге карата полициянын калемпир газын колдонгондугу, абага ок атканы жана кийлигишүүлөргө каршы чыккан митингчилерди камоого алгандыгы бар.

Белорусияда 9 —  августта болгон президенттик шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенконун ийгиликтүү чыгышы менен шайлоону манипуляциялады деген негиз менен нааразычылык акциялар башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз