Понедельник, 13 мая

Тоңдурулган азык-түлүк таңгагынан коронавирус аныкталды

0

Кытайда тоңдурулган азык-түлүктүн таңгагынан коронавирустун изин кайрадан аныктады. Бул жолу тоңдурулган кальмар Орусиядан алынып келинген. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Алардын айтымында, вирустун издери бар таңгак Чанчунь шаарынан табылган. Факт эки жолу текшерилип, тастыкталды. Маалыматтар Чанчун шаарынын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору тарабынан да текшерилген.

Буга чейин Кытайда коронавирусту таңгактардан табуу учурлары буга чейин катталган. Reuters агенттиги август айында билдиргендей, Эквадордон Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясына импорттолгон продукциядан вирустун бөлүкчөлөрү табылган. Ушундай эле окуя Шандун провинциясында катталган.

Айрым эпидемиологдор вирус бир нерсенин бетинде көпкө чейин сакталат деп ырасташкан жана дүкөндөрдөн сатылып алынган буюмдарды да дезинфекциялоону сунуш кылышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз