Понедельник, 13 мая

“Кыргызстан” саясий партиясынан дагы бир талапкер тизмеден чыгарылды

0

“Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 58-катарда бара жаткан Айтмамат Назаров тизмеден чыгуу жөнүндө арыз жазып, чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 24-августта Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси кызматын убактылуу токтоткон, бирок ал сентябрь айында Жалал-Абад облусундагы стратегиялык энергетикалык объектинин ачылышына баргандыгы белгилүү болгон. Бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Айтмамат Назаров кызматын убактылуу токтоткондон кийин, Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасынын ыйгарым укуктары убактылуу аткаруу директорлор кеңешинин биринчи орун басары Абдылду Исраиловго жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 саясий партия каттоодон өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз