Пятница, 10 мая

Араван районун акиминин “Биримдик”партиясына үндөгөн аудиосу тарады

0

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган аудио тарады. Айтибаев чогулуш өткөргөнүн мойнуна алып, аудиодогу үн аныкына окшош экенин айтты.

«Талапкерлер барганда силер аралашып келгиле, эл топтоп келгиле, сурооңорду бергиле. «Боло турганын кылып беребиз» деп айттым. Болбой тургандын кереги жок. Бийликтин атаандаштары чай берип, кетип калса деле биз иштеп жатабыз. Биз кыла беребиз. Башка жактагылар шайланса, келиши мүмкүн. Шайланбай калса такыр келбейт. Бизде, бийликтикинде биз турабыз го, аткаруу бийлиги турабыз. Алар кетип калса деле, башка болсо деле биз атакарабыз да, туурабы? Биз барбыз го! Биз эч кимиңерди уят кылбайбыз. Талап да кылабыз. Жакшылап жыйынтык кылып бериңиз. Мен өзүм барам. «Биримдикти» канча пайыз кылабыз?», — деп суроо узатып жатканын угууга болот.

Жазылган үндөн чогулушка бир топ киши катышканын, мектеп директорлору жана басымдуу бөлүгү участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары бар экенин угууга болот. Аким Курбанбек Айтибаевге бул боюнча журналисттер кайрылганда мамлекеттин жүргүзгөн саясатын колдой турганын, эч кимге басым көрсөтпөгөнүн айтты.

«Эми үнүбүз окшош болот да. Анан анык: «муну куугунтуктапсың, муну иштен алып салыпсың» деген нерсе болсун, анан айталы. Мамлекеттен жеген тамагыбызды акташыбыз керек. Ошол мамлекеттин туруктуулугу, тынчтыгы үчүн бардык жолго барабыз. Ынтымак бололу, бир бололу. Биримдик болсун, анан өнүгүп өсөлү дейбиз», — деди Айтибаев.

Милиция менен Ош аймактык шайлоо комиссиясына бул окуя боюнча билдирүү келип түшө элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз