Пятница, 10 мая

«Кавказ-2020» аскердик машыгуусу  26-сентябрга чейин улантылат

0

«Кавказ-2020» машыгуусу  Орусиянын түштүк жана түндүк Кавказ аймактарында башталды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кавказ — 2020 машыгуусуна болжол менен 80 000 орус аскери жана Кытай, Иран, Пакистан, Армения жана Мьянмадан келген 1000 аскер катышууда.

Орусиянын түштүк жана түндүк Кавказ аймактарындагы жана Кара деңиз менен Каспий деңизиндеги Капустин Яр, Ашулук, Аданак жана Продбой полигондорунда өткөрүлгөн машыгууга болжол менен 60 аскердик учак, 30 аскердик кеме, 250 танк, 450 брондолгон унаа, 200 артиллерия жана ракета учуруу системалары катышууда.

Орусиянын аскерлеринин өлкөнүн түштүк — батыш бөлүгүндө аскердик коопсуздукту сактоо мүмкүнчүлүгүн өлчөө максатында өткөрүлгөн машыгуу 26 —  сентябрга чейин уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз