Воскресенье, 5 мая

Талибдердин чабуулунан Афганистанда 98 жаран көз жумду

0

“Талибан” кыймылынын согушкерлеринин чабуулунун натыйжасында акыркы эки жума ичинде Афганистанда 98 жаран көз жумган жана 230 адам жараат алган.

Талибдер өлкөнүн 24 провинциясында чабуул жасаган. Бул тууралуу Афган ички иштер министрлиги кабарлады.

Өлгөндөрдүн көпчүлүк бөлүгү Тахар жана Нангархар провинциясында катталган.

Азырынча бул маалымат боюнча “Талибан” комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз