Пятница, 10 мая

Бишкек шаарынын мэриясы жол чырактарды орнотууга тендер жарыялады

0

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жол чырактарды курууга жана орнотууга сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, буга 4 миллион 874 миң 765 сом каралган. Мэрия белгилегендей, аталган башкармалык буга чейин бир нече жолу жол чырактарды иштеп чыгууга тендер жарыялаган, бирок тилекке каршы, сунуштар аз болгон.

Жол чырактар:

Профсоюзная жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишине;

Профсоюзная жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишине;

Дэн Сяопин жана Костанай көчөлөрүнүн кесилишине;

Алтымышев жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишине;

Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине;

Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине;

Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат.

Мындан сырткары көчөдөгү жөө жүргүнчүлөрдүн жол чырагы Юнусалиев көчөсү, Мега Ситинин маңдайы.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз