Пятница, 17 мая

Сапар Исаков №27 түзөтүү колониясына которулду

0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

«Себебин билбейм. Чоо-жайын билүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылдык»,- деген Жоошев муну камактагы адамга басым көрсөтүүнүн бир ыкмасы деп сыпаттады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келүүдө.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.

Исаков алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анан №1 тергөө абагына, №8 түзөтүү колониясына которулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз