Вторник, 3 декабря

Шайлоого 3 млндон ашуун жаран катышат

0

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 млн 523 миң 532ни түздү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда быйыл шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга (27,6%га), ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 миң 762ге (16,05%га көп) көбөйгөн.

Эскерте кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болуп өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз