Четверг, 21 ноября

Саудиянын чет өлкөдөгү жарандары саясий партия түзүштү

0

Чет өлкөдө жашаган Саудия оппозиционерлери “Улуттук кеңеш” аттуу саясий партия түзүштү.

Партиянын максаты падышачылыкта демократиялык режимди орнотуу. Анткени саясатчыларга болгон кол салуулардын өсүүсү, камакка алуу, кысым көрсөтүү жана зомбулук күчөп, көнүмүшкө айланган.

Партия Сауд Аравиясынын негизги көйгөйлөрүн эл аралык уюмдар менен биргеликте өлкөнүн кызыкчылыгын эске алып демократиянын алкагында чечүүнү көздөйт.

Партиянын жетекчилигинин билдирүүсүндө: “Бийлик элге таандык болуусу зарыл.Ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу” – деп айтылат.

Партиянын өкүлдөрү өлкөнүн мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги так бөлүнүшү керек деп эсептешет.

Партиянын негиздөөчүлөрү: Медави ар-Рашид (илимпоз), Ахмет аль-Мушейхас (шиит активисти), Саид аль-Гамиди (илимпоз), Яхья Асири (юрист), Абдулла аль-Авде (камакка алынган илимпоздун уулу), Өмер аз-Захрани (активист). Алардын баары чет өлкөдө ( Америка жана Канадада) жашашат.

Саудиянын бийлиги азырынча бул жөнүндө комментарий бере элек.

Падышачылыкта мыйзам боюнча саясий партия түзүүгө тыюу салынат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз