Украинада коронавирустун экинчи толкуну башталды

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталганын билдирди. Бул тууралуу «ZIK» телеканалы маалымдады.

Республикада акыркы күндөрү коронавирус аныкталгандардын саны бир суткада 3 миң адамдан ашууда.

«Азыр дүйнө жүзүндө, анын ичинде Украинада абал курчуп, ооругандардын саны өсүүдө. Ошондуктан бүгүнкү күндө өлкөгө чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынган. Мен муну туура чечим деп ойлойм.

Учурда күн сайын 3 миң адам ооруп жатат. Тилекке каршы бул – Украинадагы экинчи толкун. Биз тобокелдикке бара албайбыз. Абал турукташканда Украинада сөзсүз чек аралар ачылат», — деди Зеленский Братиславдагы маалымат жыйында.

Соңку маалыматка караганда, Украинада жалпы 191 миң 671 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 85 миң 133 бейтап айыгып, 3827 киши каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз