Четверг, 2 мая

“Республика” саясий партиясынан 4 талапкер тизмеден чыгарылды

0

25-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы отурумда 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Республика” саясий партиясы көрсөткөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү талапкерлерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

  1. Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич,
  2. Муратова Жанара Эркинбековна,
  3. Нурали уулу Алманбет,
  4. Алиев Самат Шайырбекович.

Чечим “Республика” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин, Муратова Жанара Эркинбековнанын, Нурали уулу Алманбеттин жана Алиев Самат Шайырбековичтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз