Воскресенье, 12 мая

Бүгүн Бишкекте кан тапшыруу акциясы өтөт

0

Бүгүн, 26-сентябрда саат 09:00дөн 14:00гө чейин ден-соолук паркында Кыргызстандагы “Кан донорлорунун улуттук күнүнө” карата кан тапшыруу акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти билдирди.

Алардын айтымы боюнча, донордук кандын зарылдыгы жөнүндө маселе ар дайым актуалдуу жана ар бир каалаган адам кан донору боло алат.

Мындан тышкары, каалоочулар кан басымын өлчөп, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча маалымат алышат. Бул гипертония жана башка оорулардын алдын алууга жардам берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз