Четверг, 19 сентября

Коронавирусту аныктоодо жаңы ыкма

0

Финляндияда коронавирусту аныктоо үчүн үйрөтүлгөн иттер колдонулууда.

Борбор шаар Хельсинкидеги аэропортто 15 ит бул илдетти аныктоо үчүн иштөөдө.

Тестке катышуучу ыктыярдуу жүргүнчүлөрдүн моюндарын аарчыган чүпүрөктөр иттерге жыттатылат. Иттердин өтө өрчүгөн жыт сезими вирустун аныкталышын камсыздайт.

Бул изилдөө бейтаптарда клиникалык симптом белгиленүүдөн 5 күн мурда коронавирусту аныктай алгандыгын көрсөткөн.

Бул иттердин ийгилиги салыштырмалуу илимий эмгектерде азырынча колдонулбаса да, адистер жаңы методдун көз жаздымда калтырылбашы керектигин айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз