Воскресенье, 19 мая

«CoronaVac» вакцинасы 2021-жылдын башында колдонууга даяр болот

0

Кытайлык SinoVac фармацевтикалык компаниясы коронавирустун жаңы түрүнө каршы иштеп чыккан потенциалдуу вакцина 2021-жылдын башында колдонууга даяр болушу мүмкүн деп жарыялады.

SinoVac компаниясынын башкы жетекчиси Йин Вейдонг клиникалык сыноолордун үчүнчү этабынан өтүп жаткан «CoronaVac» вакцинасын АКШга, Европа Биримдигине (ЕБ) жана башка өлкөлөргө таратууну көздөп жаткандыктарын билдирди.

Кытай өкмөтү 1чи жана 2-этаптагы сыноолордо натыйжалуулугу далилденген жана эч кандай олуттуу терс таасирлери болбогон вакцинанын талапкерин шашылыш абалда колдонууга уруксат бергенине көңүл бурган Йин, өзү менен бирге компаниянын кызматкерлеринин 90 пайызы ыктымалдуу эпидемиянын өндүрүш иш-аракетине таасирин тийгизбеши үчүн вакцинаны сыноо баскычында колдонгондорун айтты.

Формуласында вирустун инактивдештирилген түрүн камтыган вакцинага талапкер үчүн 3-фазасынын клиникалык сыноолору 21-июлда Бразилияда, 11-августта Индонезияда башталган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз