Суббота, 11 мая

Борбордук аянтта “Кул болбо” аттуу нааразылык акциясы өткөрүлдү(ФОТО)

0

Бишкек шаарынын борбордук аянтында «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы өткөн нааразылык акциясы эки саатка созулду. «Кул болбо!» аттуу акцияда «Аманкулов, чык эшикке», «Эгемен Кыргызстан», «Кыргыз жери кол тийгис», «Маңкурт болбо», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандар жаңырды.

Сөз сүйлөгөндөр Аманкуловдун сөзүндө жикчилдик бар экенин айтып, аны жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү. Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа», «Чоң казат» партияларынын өкүлдөрү да сөз алып, саясий жарыштагы атаандашынын кебин айыпташты.

Демонстранттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Башкы прокуратурага арыз жазып, ага кол коюшту. Акциянын катышуучулары Марат Аманкуловдун сөзүнө юридикалык баа берүүнү талап кылышты.

«Бул — Конституцияга, элге каршы, сепаратисттик билдирүү. «Биримдиктин» мындай позициясы жана идеологиясы партиянын иш-аракети өлкөнүн улуттук коопсуздугуна каршы багытталганын билдирет», — деп айтылат арызда.

Митингге болжол менен 400-500дөй киши катышты. Эркиндик бульварынан жүрүш катары башталган акция саат 14:00дө аяктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз