Воскресенье, 19 мая

Кыргызстан жөнүндөгү тасма гран-при сыйлыгын жеңип алды

0

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган «Вода. Время жажды» даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen» фестивалында гран-при сыйлыгын жеңип алды.

Орусиялык режиссер Евгений Безбородов жараткан тасма Кыргызстан жөнүндө тартылып, 39 мүнөткө созулат.

«Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз