Пятница, 17 мая

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 1- 4-октябрга чейин жабык болот

0

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 1-октябрдан 4-октябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын билим күнүнө жана Күздүн орто чениндеги майрамга байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен “Торугарт-Автодорожный” жана “Иркештам-Автодорожный” өткөрүү пункттары жабык болот.

“Иркештам-Автодорожный” жана “Торугарт-Автодорожный” өткөрүү пункттары 2020-жылдын 5-октябрында Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритмге ылайык ишин уланта баштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз