Четверг, 2 мая

29-сентябрда шаардын кээ бир аймактарында таза суу өчүрүлөт

0

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» конуштарында жок болот. Анын ичинде:

№9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
Орхан көчөсүндөгү бал бакча;
№21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
№20 китепкана;
№7 милициянын бөлүмү;
№21, №94 мектеп;
«КУТ Монтажстрой» команиясы;
Дордой-17, 20А көчөсүндөгү «Ак-Илбирс» мекемеси;
№6 милициянын бөлүмү;
«Бегимай-Дордой» бала бакчасы;
Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз