Армения армиясынын Азербайжан топурактарына жасаган кол салуусунда 10 киши каза болуп, 30 киши жараланды. Азербайжан тышкы иштер министрлиги менен башкы прокурорлуктун биргелешкен билдирүүсүндө Армения армиясы 27 — 29 — сентябрда калк жашаган аймактарга оор куралдар менен кол салган. Кол салууда аймактагы жай тургундарынын үй-жайларына олуттуу зыян келтирилген.
Маалыматта кол салууларда 10 жарандын каза болгондугу, 30 жарандын жаралангандыгы, каза болгон жарандардын экөөсүнүн 13, 14 жаштагы мектеп окуучулары экени билдирилди.
Азербайжандын жарандык отурукташуу жерлерине кол салган Армения аймакта кызмат кылган журналисттерди да бутага алууда.