Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Грузия мамлекеттеринин дарыгерлери үчүн онлайн семинар өткөрүлөт.
Семинарды Түркиялык “Түрк ожаклары” жана “Ахыска түрк этномаданий борбору” биргелешип уюштурууда.
“Түрк дүйнөсү COVID-19 менен болгон күрөшүүдө онлайн программасы” аттуу семинар 29-30-сентябрда онлайн өткөрүлөт. Жалпысынан 8 сабак өтүлөөрү каралган.
Сабактар төмөндөгү темалардын алкагында өтүлөт:
- Инфекциянын очогун жана байланышта болгондорду изилдөө;
- Жаш балдарды изилдөө жана дарылоо;
- Улгайган кишилерди кароо;
- Кош бойлуу аялдардагы коронавирус илдетин дарылоо;
- Интенсивдик дарылоо бөлүмүндөгү оорулууларды көзөмөлдөө;
- Коронавирус аныкталган учурда инфекциялык көзөмөлдөө.
Сабак Кыргызстан сааты боюнча 13:00дөн тартып 17:00гө чейин өткөрүлөт.
Катышуучуларга электрондук сертификат берилет.