Пятница, 20 сентября

Мусулмандар исламофобдордон коркпойт

0

Түркиянын президенти Жаңы Зеландиядагы мечитке болгон куралдуу кол салууну айыптады.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Жаңы Зеландиянын эки мечитиндеги жума намазы учурунда куралсыз мусулмандарга кол салган террорчулардын аракетин кара санатайлык жана акылсыздык деп атады.
«Намаз окуп жаткан куралсыз адамдарды атуу жүзү каралык жана акылсыздык», — деди Режеп Тайип Эрдоган Газиантеп провинциясындагы митингде.
Президент Жаңы Зеландиядагы террорчулукту жасаган адам тарабынан таратылган “манифестке” көңүл бурду.
Бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган ал мыкаачы ислам дүйнөсүнө, Түркияга жана жеке менин дарегиме коркуткан сөз айтты, деди Эрдоган.
Түрк лидери мусулмандар радикалдар менен исламофобдордон коркпой тургандыгын жана алардын деңгээлине түшпөстүгүн белгиледи.
«Түркия куралсыз адамдардын өлтүрүлүшү улутуна жана динине карабастан туура эмес экендиги тууралуу принципиалдуу багытынан тайбайт», — деди президент.
Эрдоган Жаңы Зеландиядагы террочулук учурунда үч түрк адам да жарадар болгондугуна көңүл бурду.
Израиль – террордук мамлекет
Түркиянын президенти андан ары Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун дарегине сын сөздөрдү айтты.
«Израил өкмөтүнүн башында коррупцияга айыпталган ууру отурат. Ал эми Беньямин Нетаньяхунун уулу соцтармакта Стамбулду – христиан шаары жана Византия империясынын борбору деп атаптыр. Мындай деп Палестинанын жерин оккупациялап алган мамлекеттин өкүлү жазууда», — деди түрк лидери.
Эрдогандын айтуусунда, “адам укугу көп бузулган мамлекет деген” термин Израилге куп жарашып турат.
Түркиянын президенти Израилди террордук мамлекет деп атады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз