Четверг, 19 сентября

ИКУнун чукул жыйынын өткөрүү маселеси көтөрүлүүдө

0

Ирандын тышкы иштер министри Жаңы Зеландиядагы мусулмандарга каршы террордук акт жана сионисттердин мусулмандардын ыйык нерселерин кордоп жатканына басым жасоо менен тез арада ИКУ (Ислам кызматташтык уюму) жыйынын өткөрүүгө чакырды.
Бул тууралуу Мухаммад Жавад Зариф түркиялык кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен телефондо сүйлөшүп жатып билдирди. Мухаммад Зариф жума күнү Мевлют Чавушоглу менен телефондо сүйлөшүп, Ислам Кызматташтык Уюмунун төрагасы катары Жаңы Зеландиядагы террордук актыны жана анда мусулмандардын өлтүрүлүшүн катуу айыптоо менен, мусулман өлкөлөрдү бул коркунучтуу кылмышка каршы тиешелүү жооп кайтарууга чакырган. Ирандын ТИМ жетекчиси Жаңы Зеландиядагы террорук окуяны жана Израиль аскерлеринин басылып алынган Палестинадагы мусулмандардын мечитин мазактоосун эске алуу менен ИКУнун президенттеринин же тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги чукул жыйынын өткөрүүнү сунуштады. Эскерте кетсек, Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында жума күнү жума намаз убактысында “Аль-Нур” жана “Линвуд Масджид” мечиттерине куралдуу адамдар кол салышып, 49 адам каза тапкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз