Азербайжан коргоо министрлиги армян аскерлеринин жок кылынышынын видеосун жарыялады. Видеодо армян аскерлери жүк түшүрүп жаткан мезгилде Азербайжан учагы жүк ташуучу унааны онго жакын аскери менен кошо жок кылгандыгын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек эки өлкө ортосундагы кагылышуу 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы Тоолуу Карабах Республикасында башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп келүүдө. Эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер, жай тургундар жарадар жана каза болгону айтылды. Азыр эки өлкөдө да аскердик абал жарыялаган.