Четверг, 19 сентября

АКШ Косоводогу гүленчилерди Түркияга берүүгө каршы чыгууда

0

АКШнын Приштинадагы элчилиги Гүлен тарапкерлерин экстрадициялоого каршы чыкты.
Түркиянын ТИМи АКШнын Приштинадагы элчилигинин дипломатиялык ведомство террордук кыймыл болуп саналган Фетхуллах Гүлендин (FETO) Косоводо жашынып жүргөн тарапкерлерин Түркияга экстрадициялоого каршы чакырыгын сынга алды.
Түркия ТИМнин өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсүндө Анкара Косовону аталган топко каршы иш жүргүзгөн балкандык өлкөлөрдөн үлгү алууга чакыргандыгы белгиленген. «Биз башка да өнөктөштөрүбүз менен союздаштарыбызды гүленчилерге каршы жүргүзүлүп жаткан чараларга тоскоолдук кылбастан, акыл-эстүү мамиле жасоого чакырабыз»,- деди Аксой сөзүнүн арасында.
Дипломаттын айтуусунда, Түркия менен бир катар өлкөлөрдүн гүленчилердин чет өлкөлүк уюмдары менен күрөшүү боюнча кызматташтыгы бир топ натыйжаларды берүүдө. «Бул уюм бир гана Түркиянын коопсуздугуна эмес, алар ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өлкөлөр үчүн да коркунуч жарата тургандыгын түшүнүп жатышат», — деди ал.
Аксой Ислам кызматташтык уюму (ИКУ) жана Пакистан гүленчилерди террордук уюмдардын тизмесине киргизгендигин эске салды.
Мындан мурда АКШнын Приштинадагы элчилиги Косоводо жашынып жүргөн гүленчилердин алты тарапкерин экстрадициялоого каршы чыккан. Америкалык дипмиссия бул маселеге байланыштуу «Косовонун саясатчылары менен чалгын кызматчыларына кысым жасоону токтотууга» чакырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз