Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154 айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты.
Жаңы катталгандар:
-Баткен облусунда — 63;
-Чүй облусунда 41;
-Жалал-Абад облусунда — 40;
-Чүй облусунда — 23;
-Ош шаарында — 19;
-Бишкек шаарында — 17;
-Ысык-Көл облусунда — 10;
-Талас облусунда — 1;
-Нарын облусунда — 1.
2-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 28и — медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3294 адис вирус жуктурду. Алардын 3029у сакайды. Сексенден ашууну көз жумду.